ИИМ президенттин тапшырмасы менен жол эрежесин бузгандардын билимин текшерүү боюнча мыйзам долбоорун кайра чакыртып алдыБишкекте алгачкы жолу пион гүлүнүн дүйнөлүк конференциясы болуп өттү«Asman Airlines» ишканасына эки Airbus A321 учагы сатып алынатДастан Бекешев: Мектептер рейтинг үчүн окуучуларды ЖРТга жибербей жатканы – бул мыйзамсызКыргызстандын айыл чарба продукциясы Япония, Кытай жана Россия базарларын өздөштүрүүдөДастан Бекешев жалпы республикалык тестти мамлекеттин эсебинен каржылоону сунуштады
Окубаган 6 студентке жасалма дипломдор берилген
19.03.2025 | 17:12
Баткен шаарындагы №57 кесиптик лицейинде иш жүзүндө окубаган 6 студентке мыйзамсыз түрдө дипломдор берилген. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
Маалыматта айтылгандай, Баткен облустук прокуратурасы аталган лицейде чет жерде жүргөн 6 студентке экзамендик баалар коюлуп, окууну аяктагандыгы тууралуу адистик дипломдор берилгенин аныктаган.
Аталган фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүгүнүн (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) негизинде кылмыш иштери козголгон. Учурда тергөө жүрүп жатат.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар