8-ноябрга карата өлкөдөгү аба ырайынын божомолуОшто Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата 4 миң көчөт отургузулдуКантта калдыктарды кайра иштетүүчү завод жана муниципалдык базар куруу пландалуудаАдылбек Касымалиев ЖМК өкүлдөрүн Маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктадыКыргызстанда Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү белгиленүүдөКыргызстанга өткөн Кара-Жантак айылынын тургундарына үйлөрүнүн документтери берилди
Балдарды коргоо борборунан качкан төрт кыздын экөө табылды
19.03.2025 | 17:48
Бишкектеги Балдарды коргоо борборунан качкан төрт өспүрүм кыздын экөө аман-эсен табылды. Бул тууралуу шаардын Ленин райондук милициясы кабарлады.
Кечээ, 18-мартта болжол менен саат 13:00 чамасында 14 жаштагы С.Т. менен 17 жаштагы А. К. борбор калаанын аймагынан табылган.
Эске салсак, 14, 15 жана 17 жаштагы төрт кыз Бишкектеги Астрахань көчөсүндө жайгашкан Балдарды коргоо борборунан 14-15-март күндөрү качып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткандыгы айтылган.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар