Түркия Кыргызстандын выпустил памятную монеталарды “Кароо-кесүү”ЕАЭБдеги өнөр жай өнөктөштүгү: Кыргызстан компьютердик техника өндүрүшүнө кошулдуБишкек абанын булганышы боюнча 32-орунду ээледиДели – Бишкек – Дели багыты боюнча жаңы каттам ачылдыЧүй проспектисинин ЦУМ жактагы бөлүгү 12-декабрда ачылатКамчыбек Ташиев ЦУМдун жанындагы имараттын үчүнчү кабатын бузууну тапшырды
Окуучу кыпчылып каза болгон автобустун айдоочусу кармалды
04.10.2019 | 10:07
Күн-Туу айылында окуучунун автобустун эшигинде кыпчылып каза болушу боюнча автобустун айдоочусу кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук Жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, айдоочу 1985 жылы туулган С.Н. аттуу адам болгон.
Алдын ала маалыматтарга карганда, окуучу автобустун алдыңкы эшигинен чыккан. бирок бут кийиминин боосу илинип калган. Айдоочу эшикти жаап, автобусту айдаганда бала тартылып кетип, алдыңкы дөңгөлөктүн астында калып каза болгон.
Окуучу №4 шаардык ооруканага жеткирилип, бирок алган жаратынан улам каза болгон.
Бул факты Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине тиркелип, автобус айып короосуна киргизилген. Учурда териштирүү жүрүп жатат.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар