Kyrgyzstan Expo жана Expo Eurasia көргөзмөлөрү 15–17-октябрда «Жаштык Аренада» өтөтКараколдо «Открыткаларга түшпөгөн Кыргызстан» аттуу фотовыставка өтөтКыргызстанда башка айып пулдары бар болсо да эвакуацияланган унааларды кайтарып берүү сунушталуудаБишкекте «БишХолдер» эл аралык стол үстүндөгү ролдук оюндар фестивалы өтөтУлуттук банк чет өлкөлөрдөгү банктардын уставдык капиталына жаңы талаптарды сунуштады — долбоорШакира Бишкекке концертинен бир күн мурун, 17-октябрда учуп келет
Бишкекте 5-класттын окуучусу автобустун эшигине кыпчылып калып мерт кетти
03.10.2019 | 17:42
Бишкекте окуучу №18 автобустун эшигине кыпчылып, дөңгөлөктүн алдында калган. Ал окуя болгон жерден мерт кетти. Бул тууралуу Чүй обулусунун Жол кыймылын көзөмөлдөө башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя 3-октябрда Күн-Туу айылында катталган. Анда автобустун айдоочусу жүргүнчүлөрдү түшүрүп жаткан учурда 5-класстын окуучусу унаанын арткы эшигинен түшүүгө аракет кылган. Аны айдоочу байкабай автобусту айдап кеткен. Ал учурда өспүрүм салондун ичинен түшүп жетишпей калган.
Учурда тергөө жүрүп жатат.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар