Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктадыКыргызстанда айыл чарбасын каттоо башталды: маалыматтарды чогултуу 10-апрелге чейин уланат21-мартка карата аба ырайыИшеним аркылуу коопсуздук: Кыргызстан ШКУну жаңы механизмдер менен толуктоодоБА өлкөлөрүндө энергоинфраструктуранын эскириши 80%га жетти: ЕӨБ энергетикалык коопсуздук үчүн тобокелдиктер жөнүндө эскерттиНооруз майрамы быйыл президенттин катышуусунда Нарын шаарында белгиленет
Окуучу кызды зордуктоого шектелип, милиция кызматкери кармалды
19.12.2025 | 16:05

Бишкекте окуучу кызды зордуктоого шектелип, милиция кызматкери кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ИИБи билдирди.
Маалыматка ылайык, 11-декабрда Свердлов райондук милициясына Коомдук коопсуздук кызматынын Балдар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы тарабынан жазуу жүзүндөгү кайрылуу түшкөн. Анда Бишкектеги мектептердин биринин 8-классынын окуучусу ушул жылдын ноябрь айынын аягында милиция кызматкери менен жакын мамиледе болгонун билдиргендиги көрсөтүлгөн.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Зордуктоо» беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында милиция кызматкери кармалып, соттун чечими менен №1 тергөө абагына (СИЗО-1) камакка алынды. Учурда тергөө иштери улантылууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар