Окуучулар менен пенсионердин Баткенге жөнөткөн жардамы – сүрөт

22.09.2022 | 15:15

Жалал-Абад шаарындагы Кадыр Закиров атындагы №2 орто мектебинин окуучулары Баткенге жардам чогултуу үчүн атайын кутуча орнотуп, ага ыктыярдуу окуучулар акча салышкан.

Шаардык мэриянын маалыматына караганда, топтолгон акчаны мектеп директору Нуриса Мараимова топтолгон 12 миң 720 сомду чек арадагы чырда үйү өрттөнгөн үй-бүлөгө тапшырды.

Учурда ал үй-бүлө турак жайлардын биринде убактылуу жашап жатат.

Алардан шаар мэри Эрнисбек Ормоков өзү да кабар алып, зарыл болгон бардык каражаттар, азык-түлүктөр менен камсыздоо тапшырмасын берген.

[image_carousel source=”media: 156359,156360,156361,156362,156363″ limit=”20″ slides_style=”default” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]

Мындан тышкары, шаардын 73 жаштагы тургуну Салыибраим Ташбаев өз пенсиясынан жалпы суммасы 108 миң 500 сомду түзгөн килем, палас, жууркан-төшөктөрдү Баткен элине жардам иретинде жиберди.

Жалал-Абад шаарынын тургундары Баткен элине азык-түлүк, кийим-кече, керектүү буюмдар, дары-дармек жана акчалай жардамдарын жиберүүдө.

[image_carousel source=”media: 156364,156365,156366,156367,156368″ limit=”20″ slides_style=”default” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Scroll to Top