Баткен: Ак-Сай айылынын кол салуудан кийинки абалы — сүрөт

Баткен: Ак-Сай айылынын кол салуудан кийинки абалы — сүрөт

14-17-сентябрда Тажикстандын агрессиясынан улам кыргыз-тажик чек арасында куралдуу кагылыш болду.

Анын айынан Кыргызстан тараптан 59 адам, анан ичинде 40 аскер кызамткери курман болду. Андан тышкары 200дөй киши жараат алды.

Учурда чек арада абал туруктуу деп бааланып, абал тынч.

Тажикстандын кол салуусунан кийин айылдарда социалдык, инфраструктуралык объекттер, үйлөр, унаалар талкаланып, өрттөлгөн.

Сүрөттө Баткендин Ак-Сай айылы

16-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы абал кайрадан курчуп, Тажикстандын агрессиясынан улам куралдуу кагылыш башталган. УКМК Тажикстан Кыргызстандын аймагын басып алууга аракет көрүп жатканын билдирген. Кагылышты токтотууга аракеттер көрүлүп, эки өлкөнүн УКМК башчыларыпрезиденттери ортосунда ок атууну токтотуу макулдашылган. Ага карбастан ок атышуулар дээрлик түнгө барып басылган.

Камчыбек Ташиев чек арадагы жаңжалдын айынан аскер жана жай тургундар арасында курман болгондор бар экенин билдирген.

Кыргызстанда 19-сентябрь улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу кагылыш боюнча билдирүү жасап, Тажикстан алдын ала пландап, Кыргызстанга кол салганын билдирди.

Акыркы маалыматтар боюнча Тажикстандын кол салуусунан Кыргызстан тараптан 59 адам каза болуп, жабыркаган жарандардын саны 198ге жетти.

Бүгүнкү күнү чек арадагы абал туруктуу деп мүнөздөлүүдө.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>