Президент Баткендеги кырдаал боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү

Президент Баткендеги кырдаал боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-сентябрда Министрлер кабинетинин жетекчилигинин жана мүчөлөрүнүн, күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринин, Коопсуздук кеңешинин катчысынын катышуусунда Баткен облусундагы учурдагы кырдаал боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кеңешмеде чек ара коопсуздугун камсыз кылуу жана аймактагы талкаланган инфратүзүмдү калыбына келтирүү боюнча маалымат берилди.

Садыр Жапаров биринчи кезекте, чек арага чектеш аймактардын эвакуацияланган тургундарына бардык зарыл болгон жардамдарды көрсөтүүгө, жабыркаган турак жайларды калыбына келтирүүгө жана толук кыйраган үйлөрдүн ордуна жаңыларын суук түшкөнчө кыска мөөнөттө курууга, социалдык-жарандык инфратүзүмдөрдү тез арада калыбына келтирүүгө байланыштуу бир катар конкреттүү тапшырмаларды берди.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>