Окуучуларды урду деген мугалимдин аракети иликтенүүдө

Окуучуларды урду деген мугалимдин аракети иликтенүүдө

Балдарды урду деп видеосу таркаган мугалимдин аракети боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Ош облустук Ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 26-апрель күнү болжол менен саат 09:30 чамаларында Өзгөн районунун Куршаб айылында жайгашкан В.И.Ленин атындагы №5 орто-мектебинин класстык бөлмөсүндө, англис-тил мугалими, 9-в классынын класс жетекчиси 60 жаштагы К. С, 5 окуучуну ишембилик кылбаганы үчүн сабаган.

Аталган окуя боюнча 65-берененин негизинде сотко чейинки өндүрүш иши катталган.

Мугалимдин айтымында, окуучулар класс жетекчисинин тилин албай койгон.

“Мен аталган классты 5-класынан баштап класс жектечи болуп иштеп келем. Аталган класстын мектептин эшигинин астында өздөрүнө бөлүнгөн жер тилкеси бар, ал жер тилкеде 23-апрелде сабак бүткөндөн кийин тазалап, ишембилик кылыш керек болчу эле, бирок сабактан кийин алар үйлөрүнөн иш кылганга эч кандай буюмдарын алып келбей жана иш кылбай кетип калган болчу. Анан 24-апрелде ал жер тилкени өзүм тазаладым. Аталган жер тилкеде гүл эгилген, 26-апрелде мен окуучуларга ошол гүлдөрдү сугарып коёюн деп чакага суу алып келип бергиле десем, айтканды кылбай качып кетип калышты. Мен класска кирсем окучулар олтурушуптур, жиним келип аларды доскага чыгарып тизип, айтканды кылбай койгону үчүн беш баланын ар биринин колум менен бирден чаап койгом”, —  деген мугалим.

Жаш өспүрүмдөрдүн ата энелери арыз жазудан баш тартышкан. Учурда мугалимдин бул аракетине баа берүү максатында райондук билим берүү тармагынан кызматтык иликтөө жүрүп жатканы айтылат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>