Окуучулардын билимин баалаган PISA-2025 изилдөөсү башталды

Окуучулардын билимин баалаган PISA-2025 изилдөөсү башталды

Бүгүн, 1-апрелден тарта окуучулардын билимин баалоо үчүн PISA-2025 изилдөөсү башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Тестирлөөгө өлкөдөгү 197 жалпы билим берүү уюмунан 6700дөн ашуун окуучу катышат. Министрлик изилдөөнү өткөрүү үчүн 14 мобилдүү топ түзгөн. Алардын ар биринде координатор, IT адиси, тестирлөөнүн администратору жана айдоочу бар.

Процессти жөнгө салуу жана башкаруу үчүн 308 ноутбук даярдалган. Тестирлөөнүн купуялуугун жана тактыгын камсыздоо үчүн ар бир окуучуга логин жана сыр сөз түзүп бере турган Maple системасы иштелип чыккан.

Тестирлөө 30-апрелге чейин жүргүзүлөт. Изилдөөнүн жыйынтыгы 2026-жылдын аягында жарыяланат.

PISA (Programme for International Student Assessment) – окуучулардын билим жетишкендиктерин баалоонун эл аралык программасы. Тестке дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндөгү 15 жаштагы окуучулар катышат. PISA окуучулардын функционалдык сабаттуулугун, мектепте алган билимин практикада колдонуу жөндөмдүүлүгүн жана балдардын коомдо өз алдынча жашоого даярдыгын баалайт.

 

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>