Кыргызстандык мушкер Мунарбек Сейитбек уулу Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарында күмүш медаль тагынды.
Ал 57 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, 1/8 финалдан баштаган. Алгач ал дүйнөлүк рейтингде алтынчы номерде турган кубалык мушкерди жеңип, чейрек финалда АКШдан келген дүйнө чемпионун уткан.
Жарым финалда Мунарбек Сейитбек уулу Болгариянын курамасындагы кубалык спортчуну 4:1 эсебинде жеңип, финалга чыккан.
Алтын медаль үчүн болгон беттеште Сейитбек уулу дүйнөнүн учурдагы чемпиону өзбекстандык Абдумалик Халоков менен рингге чыкты.
Үч раунддун жыйынтыгында калыстар өзбекстандык мушкерге жеңишти (5:0) беришти.
Мунарбек Сейитбек уулу 2-орунду ээлеп, күмүш медаль тагынды. Ал Олимпиада оюндарында күмүш медаль уткан биринчи кыргызстандык боксчу болуп калды.
Учурда Кыргызстандын байге куржунунда эки күмүш, төрт коло байге бар.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз