Аскердик прокуратура ӨКМдин мурдагы башчысы Урматбек Шамыркановго карата кылмыш ишин козгодуМуфтият: Орозо айт 20-мартта белгиленетАк-Бата конушунда 650 орундуу жаңы мектептин курулушу башталдыКыргызстан ITB Berlin 2026 көргөзмөсүндө туристтерди тартууга аракет кылуудаЖогорку сот журналист Махабат Тажибек кызынын өкүмүн жокко чыгарып, ишти кайра кароого жөнөттүӨкмөт унаалар үчүн Кыргызстандагы тоннелдерден өтүү акысын бекитти
Олимпиада чемпиону кыргызстандык балбан Алмаз уулу менен күрөшкүсү келет
06.03.2025 | 17:00
Россиялык эркин күрөш боюнча балбан Заур Угуев (57 кг) кыргызстандык спортчу Бекзат Алмаз уулу менен күрөшкүсү келет. Бул тууралуу ал Алматыдагы Professional Wrestling League-8 (PWL-8) мелдешинен кийин билдирди.
Угуев Бекзат Алмаз уулу менен мурда-кийин күрөшпөгөнүн айтып, экөө күрөшүп калса, жакшы беттеш болмок экенин белгиледи.
Белгилей кетсек, Завур Угуев Токиодогу Олимпиада оюндарынын жеңүүчүсү, дүйнөнүн эки жолку чемпиону, Европа чемпионатында күмүш жана коло байге уткан. Ошондой эле Европа оюндарынын коло байге ээси.
Ал эми Бекзат Алмаз уулу 23 жашка чейин балбандар арасында Азия чемпиону болгон жана күмүш байге ээси, дүйнө чемпионатында (U-23) 2 ирет коло тагынган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом