Ысык-Көл ОИИБдин Милициянын кайгуул-күзөт кызматынын кызматкери чөгүп бара жаткан өспүрүмдү куткарып калдыКыргызстанда канаттууларды кармап жаткан видеосунан кийин чет элдик жаран кармалдыЫсык-Көлдөгү теплоходдун ээсине кара түтүн үчүн айып салындыАкыйкатчынын кийлигишүүсүнөн кийин чет өлкөлүк жаранга мыйзамсыз салынган айып пул жокко чыгарылдыАвтобус сүзүп кеткен баланын өлүмү: Автобус базасынын механиктерине айып пул салындыКыргызстан менен Пакистан соттолгон адамдарды жазасын мекенинде өтөө үчүн өткөрүп беришет
ӨКМ: Унаа жолдорго кар көчкү түшүүсү күтүлүүдө
06.03.2025 | 16:39
7-10-март күндөрү күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда жана унаа жолдорго кар көчкү түшүүсү күтүлүп жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, кар көчкү түшүүсү, кар күрткүсү жана көчкү куюлмаларынын пайда болушу төмөнкү унаа жолдорунда күтүлөт:
- Бишкек – Ош унаа жолунун Төө-Ашуу, Ала-Бел ашууларында жана Чычкан капчыгайында;
- Суусамыр – Талас – Тараз унаа жолунун Өтмөк ашуусунда;
- Ала-Бука – Каныш-Кыя унаа жолунун Чапчыма ашуусунда;
- Красная Горка – Ак-Таш унаа жолунун 0-4 чакырымында;
- Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолунун 60-110 чакырымында;
- Ош – Сары-Таш – Эркештам унаа жолунун Талдык ашуусунда;
- Сары-Таш – Дароот-Коргон – Карамык унаа жолунун Кара-Кыя, Кулчу, Батман-Көл, Алыш-Сай тилкелеринде;
- Каракол – Эңилчек унаа жолунун Чон-Ашуу ашуусунда;
- Барскоон – Ак-Шыйрак унаа жолунун Сөөк ашуусунда.
ӨКМ бул күндөрү жолдор тайгак болорун билдирип, унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл экендигин эскертти.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом