Быйыл Парижде өткөн Олимпиада оюндарында күмүш байге уткан боксчу Мунарбек Сейитбек уулу жөнүндө тасма тартуу пландалууда.
«Кыргызфильм» тасма 90 мүнөттүк болорун билдирип, синопсис жазууга сынак жарыялады.
Тасмага азырынча «Боордоштордун жеңиши» деген аталыш берилди. Аны Кыргызстан, Өзбекстан жана Түркия биргелешип тартат.
Эскерте кетсек, Мунарбек Сейитбек уулу кыргызстандык боксчулардын арасынан Париждеги Олимпиада оюндарына жалгыз лицензия алган.
Аны Парижге бокс боюнча кураманын башкы машыктыруучусу коштоп барганы менен жанында жеке машыктыруучусу болгон эмес. Мындан улам Сейитбек уулуна секундант боло турган киши табылбай, ага өзбекстандык машыктыруучу Акмал Хасанов жардам берген. Сейитбек уулу финалга чейин жетип, күмүш медаль тагынган. Ал Олимпиадада күмүш алган биринчи кыргызстандык боксчу болуп калды.