Кыргызстандын реалдуу секторундагы ишканалардын кирешеси 1,7 эсеге өстүЖапонияда XX Азия оюндары башталуудаКыргызстандын ишканаларынын пайдасы 2025-жылы 42,8%га өсүп, 430,5 млрд сомду түздүЧаткалда 15 жаштагы өспүрүм ур-токмоктон каза болуп, төрт окуучу кармалдыГүлшан Конушева Кыргыз улуттук консерваториясынын ректору болуп дайындалдыСоттолгондор үчүн эмне өзгөрөт? ЖАМК жаңы эрежелерди сунуштоодо
Бир жыл депутат болгон Чынберди Төлөнов мандатын тапшырды
17.12.2024 | 09:00
“Ата Журт Кыргызстан” партиясынан шайланып Жогорку Кеңештин депутаты болгон Чынберди Төлөнов мандатын тапшырды.
Белгилүү болгондой, ал ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясына арыз жазган. БШК 16-декабрда аны карап, Чынберди Төлөновду мандатынан ажыратты.
Анын бош калган мандаты “Ата Журт Кыргызстандын” талапкерлеринин тизмесинде кийинки орунда турган Жайлообай Нышановго тапшырылды.
Эскерте кетсек, Чынберди Төлөнов жасалма диплом үчүн мандатынан ажыратылган Фархат Исмаиловдун ордуна келген. Төлөновго депутаттык мандат 2023-жылы 21-ноябрда берилген.
https://reporter.kg/zhogorku-sot-ismailovdu-deputattyk-mandattan-azhyratuunu-myjzamduu-dep-tapty/
Рубрики: Жаңылыктар, Коом