3-апрелге карата аба ырайыЕЭК жана ГЛОНАСС эл аралык жүк ташуулар үчүн санариптик сервистерди өнүктүрүүнү макулдаштыЭК жана МОМ миграцияны санариптештирүү жана жаңы механизмдерди талкуулаштыПодпольщиктер жана антифашисттер: душмандын оругунда күрөшкөндөрдүн урматына коюлган көчөлөрУКМК: Нарында бала бакчада иш жүзүндө иштебеген кызматкерлерге айлык төлөнүп келгенЖогорку Кеңеш ЕАЭБдин Монголия менен соода келишимин ратификациялады
Өлкөдө күйүүчү майдын запасы айдын аягына чейин жетет, баа 15%га чейин кымбатташы мүмкүн
23.10.2025 | 11:10

Кыргызстанда күйүүчү майдын запасы октябрь айынын аягына чейин гана жетет. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Россиядагы ички рыноктогу чектөөлөрдөн улам кыргызстандык импорттоочуларга бөлүнгөн май көлөмү азайып, жеткирүүдө кыйынчылыктар жаралууда.
Ведомствонун маалыматы боюнча, абал туруктуу бойдон калбаса, күйүүчү майдын баасы 15%га чейин өсүшү ыктымал.
Күйүүчү майдын кескин кымбатташын алдын алуу үчүн Экономика жана коммерция министрлиги бир катар убактылуу чараларды сунуштады:
- Салыктын жүгүн азайтуу. Акциздик жана кошумча нарк салыгын, Жол фондуна чегерүүлөрдү, күйүүчү майды маркалоо жана экологиялык төлөмдөрдү кыскартуу сунушталууда. Учурда бул төлөмдөр күйүүчү майдын өздүк баасынын болжол менен 20%ын түзөт.
- Нефтетрейдерлерге жеңилдетилген насыя берүү. Бул чара Россиядагы заводдордон жогорку баада күйүүчү май сатып алууга жана рыноктогу жетишсиздикти убактылуу жабууга мүмкүндүк берет.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом