Өлкөдө уран кенин иштетүү тууралуу мыйзам долбоору парламентке келип түштү

Өлкөдө уран кенин иштетүү тууралуу мыйзам долбоору парламентке келип түштү

Уран жана торий кендерин иштетүүгө уруксат берген мыйзам долбоору Жогорку Кеңешке келип түштү. Документти министрлер кабинети даярдаган.

Алар сунуштаган мыйзам долбооруна ылайык, 2019-жылдагы «уран менен торий кендерин иштетүүгө тыюу салган» мыйзамды жокко чыгаруу каралган.

Документтин маалымкат-негиздемесинде өлкөдөгү уран менен торийди казып алууда заманбап технологиялар колдонулары, ага мамлекет байкоо жүргүзөрү жана бул иштер кен казып алуунун айлана-чөйрөгө терс таасирин азайтууга жардам берери айтылган.

Эскерте кетсек, 2019-жылы Ысык-Көлдөгү Кызыл-Омпол уран кенин иштетүү маселеси көтөрүлүп, анда ага коомчулук каршы чыккан. Аталган демилгеге каршы нааразылык акциялары, жөө жүрүштөр өтүп, жыйынтыгында уран кени иштетилбей турган болгон. Аны утурлай эле парламент Кыргызстанда уран жана торий кендерин чалгындоого, казып алууга тыюу салган мыйзамды кабыл алган.

Ал эми быйыл Кыргызстанда мамлекет Кызыл-Омпол кенин иштете турганы белгилүү болду. Бул тууралуу февралда президент Садыр Жапаров Ысык-Көлдүн Тоң районунун жана Нарындын Кочкор районунун тургундары менен жолугушканда билдирген. Анда Жапаров Кызыл-Омполду мамлекет өзү иштети турганын, аны уран кени эмес, титаномагнетит кени деп атоо туура болорун, Кызыл-Омполдогу урандын коркунучу жок экенин айткан.

Садыр Жапаров элди тынчсызданткан Кызыл-Омпол кени тууралуу суроолорго жооп берди

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>