Кыргызстандын товарлары Өзбекстандын рыногуна чыгууда: 500 миң долларлык экспорттук келишимге кол коюлдуДүйнөлүк банк Камбар-Ата-1 ГЭСин курууну аймактын энергетикалык коопсуздугунун негизги фактору деп атадыМаданият кызматкерлеринин айлыгы 35 миң сомго чейин көтөрүлүп, 117 мекемеге кызматтык унаа берилетСузакта алимент төлөөдөн качкан жаран 1 жылга эркинен ажыратылдыОшто соцтармактарда экстремисттик материалдарды таратууга шектелген жаран кармалдыКыргызстандык мектеп окуучулары эң мыкты дилбаян үчүн Швейцарияга саякат утуп алышат
Өлкөдө үч айда 8,9 млн адам такси кызматын колдонду
02.05.2024 | 16:15
2024-жылдын январь-март айларында 8,9 миллион адам такси кызматын колдонду. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Маалыматка караганда, таксиге түшкөн жарандардын саны жыл санап өсүүдө. Өткөн жылдын биринчи үй айында 8,2 миллион жүргүнчүнү түзгөн.
Андан менен өлкөдө эң популярдуу транспорт – автобустар жана маршруткалар. Январь-март айларында 126 миллион 285 миң адам коомдук транспорт менен жүргөн.
Дагы 6 миллион 317 миң киши троллейбуска олтурган.
Үч айда 266 миң адам учак менен учкан. Андан дагы аз, 50 миң киши темир жол транспортун колдонгон.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика