Эми чет өлкөлүктөр Казакстанга кирүү үчүн электрондук уруксат алышы керек болотКыргызстанга картошканы сырттан ташып келүүгө алты айга тыюу салындыMBANKтын жаңы «Маниполия» акциясында 50 млн сомдук 350 миң байге ойнотулатТеректердин ордуна — клёндөр: Орунбеков Бишкектеги Айтматов проспектисин жашылдандыруу тууралуу айттыАгрокөргөзмө-жарманкелер өтөт: Бишкекте 21–25-октябрда айрым көчөлөр жабылатБишкекте күчтүү дарыларды сатуучу каналдын башчысы кармалды
Каракол шаарында 4 миң окуучу “Манас” айтты
02.05.2024 | 16:40
Ысык-Көлдүн Каракол шаарында 4 миң окуучу “Манас” айтты. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгү билдирди.
Бул иш-чара «Урааным Манас» аттуу республикалык кароо-сынактын алкагында өттү. Сынак манасчылар Саякбай Каралаевдин 130 жылдык, Уркаш Мамбеталиевдин менен Сапарбек Касманбетовдун 90 жылдык мааркесине карата уюштурулууда.
Өлкө боюнча өткөрүлүп жаткан сынакка жалпы 500 миңдей окуучу катышары айтылууда.
Кароо-сынактын жыйынтыгы Кыргыз Улуттук «Манас» театрында май айынын аягында жарыяланат. Жеңүүчүлөр баалуу белектер, акчалай сыйлыктар менен сыйланышат. Сынактын жалпы байге фонду 3 млн сомду түзөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом