Чүйдө 30 жаштагы жаран киши өлтүрүп, андан кийин сөөгүн үйү менен кошо өрттөп жиберген деген шек менен кармалды. Бул тууралуу облустук милиция кабарлады.
Маалыматта айтылгандай, 18-март күнү милицияга Сокулук айылындагы үйдөн өрт чыгып, анын кесепетинен адам каза болгону тууралуу маалымат түшкөн.
Текшерүүнүн жүрүшүндө, 18-март күнү Т.К. жана В.С. аттуу жарандардын ортосунда уруш чыгып, биринчиси экинчисин сабап, анын айынан 41 жаштагы В.С. каза болгону аныкталган. Т.К. кылмыштын изин жашыруу үчүн маркумду үй менен кошо өрттөп, качып кеткен.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин (адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-издөө иштеринин жыйынтыгында 30 жаштагы Т.К. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киригизилген. Тергөө уланып жатат.