Оштун мэри Жеңишбек Токторбаев өз каалоосу менен кызматтан кеттиАкыйкатчынын кийлигишүүсүнөн кийин 4 балалуу энеге 151 миң сом алимент өндүрүлдүЭкономика өсүш менен башталды, бирок баалар да калышпайт. 2026-жылдын январь айынын корутундусуКыргызстандын жана Россиянын энергетиктери Жогорку Нарын ГЭС каскады долбоору боюнча кадамдарды белгилешти«Ала-Арча» паркына курулган жаңы асма жол расмий түрдө ачылдыБишкек Брюсселдин бутасында: Евробиримдик Кыргызстанга санкция киргизиши мүмкүнбү?
Ооруканаларда коронавирус менен ооругандарды жаткырууга орун жок калды
16.10.2020 | 13:57
Кыргызстанда COVID-19 жуктуруп алгандардын саны күн сайын өсүүдө. Бүгүн, 16-октябрь күнү коронавирустук инфекциянын жаңы 431 учуру аныкталды.
Фейсбук колдонуучусу Лера Садыгалиеванын айтымында, ооруканаларда COVID-19 менен ооругандар үчүн орун жок.
«Тозок башталды! Улуттук госпитал, урология, адистештирилген ооруканада концентратор жок, бейтаптардын 65% өпкөсү кагынып ооруп жатат. Реанимацияда кычкылтек бар, бирок орун жок», – деп жазат Садыгалиева.
Белгилей кетсек, бүгүнкү күнгө чейин коронавирус 51 миң 20 адамга жукту, анын 1 миң 103ү көз жумду.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом