77 күндөн кийин Кыргызстан Кытайга болгон карызын төлөй башташы керек

77 күндөн кийин Кыргызстан Кытайга болгон карызын төлөй башташы керек

Кыргызстан Кытайдын Экспорттук-Импорттук банкы менен 2020-жылы жүзөгө ашырылышы керек болгон карыздарды төлөөнү кийинкиге калтыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү улантууда. Бул тууралуу «Акчабар» Финансы министрлигине шилтеме берүү менен жазды.

Министрлик 77 күндүн ичинде (2021-жылы) Кытайдын Эксимбанкынын алдындагы милдеттенмелерди тейлөө үчүн төлөмдөр насыя келишимдеринин графиктерине ылайык жүргүзүлөрүн эске салды.

Белгилей кетсек, октябрь айынын башында бир катар маалымат каражаттары Кыргызстандын Кытайга болгон карызын узартуудан жана түзүмүн өзгөртүүдөн баш тартканын жазып чыгышкан. Мындай маалыматтарга Финансы министрлиги Кытай тарап менен дагы эле сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>