Согуштан кийинки дүйнө: баатыр шаарлар жана эс тутум тууралуу талаш-тартыштарБишкекте иттер сол салган баланы ооруканага жеткирген милиция кызматкери андан кабар алдыБишкекте ЖАМКтын подполковниги бассейнге чөгүп бараткан кызды сактап калды — чоо-жайыКыргызстандык спортчу Венгриядагы дзюдо турниринде биринчи орунду жеңип алдыЧуңкурчакта түлкүнү аткан жарандарга айып пул салындыБишкекте жол тандабас жөө өтмөктөн 25 жаштагы жаранды сүзүп кетип, ал каза тапты
Оренбургдагы кармалып турган кыргыз мигранттары мекенине кайтты
07.05.2020 | 11:11
Орусиянын Оренбург облусунун Соль-Илецк аймагында кармалып турган 541 кыргыз жараны мекенине кайтып келди. Бул тууралуу бүгүн, 7-майда Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, алар Казакстан тарап менен жетишилген макулдашуунун жыйынтыгында жеке унааларын калтырып, атайын уюштурулган 10 автобус менен алынып келинген. Казакстандын аймагынан өтүүдө коңшу өлкө автобустарга атайын транзиттик жол ачып берип, өлкөнүн жол полициясынын коштосунда өткөрүшкөн.
ТИМден кошумчалагандай, мекенине кайткан кыргызстандыктардын бары обсервацияга алынган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом