Оронгон кыздарды мектепке киргизбей жатканы Жогорку Кеңеште айтылды

Оронгон кыздарды мектепке киргизбей жатканы Жогорку Кеңеште айтылды

Жогорку Кеңеште 28-апрелде парламенттин жалпы жыйынында депутат Айбек Осмонов Кара-Суу районундагы жоолукчан кыздарды мектепке киргизбей көйгөй жаралганын айтып, тийиштүү мекемелердин бул боюнча маалыматын угууну сунуш кылды.

Депутат жоолукчан кыздардын мектептерге киргизбей жатканын Жогорку Кеңештин күн тартибине киргизүүнү сунуштады.

“Кара-Суу районунда мектептерге жоолукчан окуучу кыздарыбызды киргизбей жатышат. Жер-жерлерде ушундай көбөйүп жатат. Ошого билим берүү жана ички иштер министрликтерин чакырып, эмне үчүн киргизбей жатканын сурабайлыбы. Бул коомубузда абдан көйгөйлүү маселе болуп баратат”, — деди Осмонов.

Белгилей кетсек, Кара-Суу районундагы мектептердин биринде дин ишенимине байланыштуу оронуп алган окуучуларды жоолуктарын чечмейинче мектепке киргизишпей жатканы айтылган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>