Орто-Сай базарындагы ири өрттө жаракат алгандар болгон жок

Орто-Сай базарындагы ири өрттө жаракат алгандар болгон жок

Орто-Сай базарындагы өрттө жаракат алгандар болгон жок. Бул тууралуу  “Репортерго” “Тез жардам” кызматынан кабарлашты.

“Орто-Сай” базарындагы өрттө жаракат алгандар болгон эмес. Бирок мына ушундай кырсык болгон жерге “Тез жардам” кызматы дайым чакырылат. Бул жолу да биздин кызматкерлер барып, жабыркагандар болсо ыкчам жардам көргөзүүгө даяр болуп турушту”, — деп кабарлашты “Тез жардам” кызматынан.

Белгилей кетсек, 9-ноябрга караган түнү Бишкектеги «Орто-Сай» базарынан өрт чыккан. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, тилсиз жоо менен күрөшүү үчүн 5 бөлүм, 1 авто шаты, 1 суу ташуучу унаа, ККББдан ыкчам топ, Штаб,  ИИМнен 10 кызматкер, тартылган.

Такталган маалымат боюнча, базардан чыккан өрт саат 02:16да чектөөгө алынып, саат 08:55те толук өчүрүлгөн. Алдын ала маалыматтар боюнча өрт 1800 квадрат метрди чулгаган. 

Өрттүн себеби, жараат алгандар жана чыгымдар тууралуу маалыматтар такталууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>