Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктадыЖК депутаты Нурланбек Азыгалиев мандатын тапшырууга арыз жаздыКыргызстанда англис тили мугалимдерин даярдоо реформасы британиялык эксперттердин колдоосуна ээ болдуЖакынкы Чыгыштан 142 жаран Кыргызстанга эвакуацияланды15-мартка карата аба ырайыТалас мамлекеттик университетинин жаңы имараты курулууда
Ортопед: Жакында Кыргызстанда биринчи робот-хирург пайда болот
14.04.2025 | 12:41
Мындай маалыматты белгилүү хирург, ортопед Сабырбек Жумабеков өзүнүн соцтармактагы баракчасына жазды .
Жумабековдун айтымында, ал Кытайга иш-сапар менен барып келген.

“Кытайлардын робот-хирургдарды чыгарган 9 заводу бар экен. Биз робот-хирургдардын иштегенине күбө болдук. Өз көзүбүз менен көрүп, бирге катыштык. Албетте, адамдык фактор биринчи орунда кала берет, бирок робот-хирургдардын операцияга катышуусу заман талабы. Кудайым буйруса, жакын арада Кыргызстанда биз менен бирге биринчи робот-хирургдар өз ишин баштайт”, — деген ортопед.
Рубрики: Жаңылыктар