АКШнын мамкатчысы Марко Рубио соода кызматташтыгын өнүктүрүү үчүн Борбор Азияга келе жататБишкектин Достук айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы жер тилкелери боюнча алдамчылыкка шектелүүдөСадыр Жапаров ЮНЕСКОнун башкы директору Халед Аль-Анани менен жолугуштуЧүй облусунун ооруканаларына үч тез жардам унаасы тапшырылдыЕреванда Садыр Жапаров менен Армениянын премьер-министри Никол Пашинян сүйлөшүүлөрдү өткөрүштүШакиранын Бишкектеги концерту: 18-октябрда милиция күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт
Бүгүн таңга маал Ошто аялдын үйүнө ууру кирип, аны муунтуп өлтүргөн. Шектүү кармалды
14.04.2025 | 12:36
Ош шаарында адам өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБи маалымат таратты.
Белгилүү болгондой, шаардык милицияга бүгүн, 14-апрелде саат таңкы 04:10до Ош шаарынын Ак-Тилек кичи районунун 1987-жылы туулган тургуну киши колдуу болуп каза болгондугу тууралуу маалымат түшкөн.
Ыкчам изилдөө иштеринин натыйжасында аялдын муунтулуп каза болгондугу аныкталган.
Андан соң кылмышка шектүү катары Жапалак айылынын 2006-жылы туулган тургуну кармалды.
Шектүү аялдын үйүнө уурулукка кирип, аялды муунтуп өлтүрүп, унаасын уурдап кеткен.
Маалым болгондой, шектүү мурда окуя орун алган үйдө квартирант болуп жашап кеткен.
Учурда тергөө иштери уланууда, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Рубрики: Жаңылыктар