Беларуста баш калкалап жүргөн мурдагы президент Курманбек Бакиев Кыргызстанга кайтарылса, жашыруун активдер, мыйзамсыз чыгарылган байлыктар сыяктуу кылмыштар ачыкталышы мүмкүн. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков «Фейсбуктагы» баракчасында билдирди.
Анын айтымында, 20-март күнү Максим Бакиев жана анын досторуна тиешелүү болгон “ЭлКат” компаниясынын (6 миллиард сомдук) 100%ы мамлекетке кайтарылып, кайрадан президенттин иш башкармалыгынын карамагына өткөрүлдү.
“Бул компания 2007-жылы мурдагы президенттин иш башкармалыгынын кызматкерлери Закирали Кенжебаев, Сергей Шмелев, Константин Левинец жана Михаил Дудин тарабынан Максим Бакиев менен сүйлөшүлүп, мыйзамсыз сот чечимдери аркылуу президенттин иш башкармалыгы “ЭлКаттын” негиздөөчүлөрүнүн катарынан чыгарылылып, жогорудагы Максим Бакиевдин адамдарынын колуна өтүп кеткен.
Ошондон тартып, 65-70 миллион долларлык (6 миллиард сом) активи бар “ЭлКат” компаниясы мамлекеттин эмес, Максим Бакиевдин көзөмөлүндө иштеп келген”, — дейт ал.
Ал билдиргендей, 2010-жылдагы бийлик алмашуудан кийин Убактылуу өкмөт “ЭлКатты” кайра мамлекетке кайтарууга аракет кылышкан эмес.
“ЭлКатка” байланышкан факты Алексей Ширшовдун көрсөтмөлөрүнөн кийин гана ачыкка чыкты. Эгерде ал маалымат бербегенде, “ЭлКат” дагы деле Максим Бакиевдин көзөмөлүндө калмак”, — деди ал.
Орунбеков Ширшов берген маалымат менен Францияда Максим Бакиевдин вилласы табылып, учурда аны мамлекетке өткөрүү иштери жүрүп жатканын айтты.
“Алексей Ширшовдун дагы бир маалыматына ылайык, Максим Бакиевге тиешелүү өтө кымбат баалуу мүлк – Франциянын түштүк-чыгышында жайгашкан “Шато де ла Групп” (Château De La Garoupe) вилласы аныкталды. Бул мүлктү Максим Бакиев убагында өнөктөшү Борис Абрамович Березовскийге убактылуу каттап турган. Березовский каза болуп калгандан кийин Максим Бакиев аны өзүнө каттай албай, мүлк бүгүнкү күнгө чейин ээсиз турган. Учурда кыргыз өкмөтү бул мүлктү мамлекеттин карамагына өткөрүү боюнча эки жыл мурда иштерди баштаган. Бул ишти юстиция министри Аяз Баетов жетектөөдө”, — деди ал.
Ал Кыргызстанга Курманбек Бакиев кайтарылса, мыйзамсыз чыгарылган байлыктар боюнча дагы башка маалыматтар ачыкка чыгышы мүмкүн экенин билдирди.
“2010-жылдан кийин дайынсыз жоголгон, мыйзамсыз басып алынган же таланып кеткен мүлктөр дагы деле болушу мүмкүн. “ЭлКат” жана Франциядагы кымбат баалуу мүлк боюнча маалыматтар бир гана Ширшовдун көрсөтмөсү менен ачылды. Демек, дагы башка жашыруун активдер жана мыйзамсыз чыгарылган байлыктар аныкталышы мүмкүн. Эгерде Курманбек Бакиев Кыргызстанга кайтарылса, дал ушундай башка кылмыштуу иштердин да бети ачылышы мүмкүн. Банк ячейкаларында дайынсыз жоголгон акчалар, ошондой эле Убактылуу өкмөт мүчөлөрү жашыруун өздөрүнө каттатып алган мүлктөр аныкталышы ыктымал”, — деди ал.
Орунбеков Бакиевдин келишине каршы болгондор бар экенин, алар жеке кызыкчылыгынан улам каршы чыгып жаткан болушу мүмкүн экенин айтты.
“Бирок Бакиевди алып келип, бул фактыларды ачыкка чыгаруу демилгесине каршы чыккандар бар. Балким, алар өздөрүнүн жеке кызыкчылыгынан жана мурдагы иштеринин ашкереленишинен коркуп жатышкандыр?
Белгилүү болгондой, буга чейин Аскар Акаев Кыргызстанга кайтарылып, андан Кумтөрдү мамлекетке өткөрүү боюнча баалуу маалыматтар алынган. Бул да болсо мамлекет үчүн чоң жетишкендик болгон”, — деди ал.
Эскерте кетсек, 2005-жылы 24-марттагы төнкөрүштөн кийин бийликке келген Курманбек Бакиев 2010-жылы 7-апрелдеги төңкөрүштөн кийин бийликтен түшүп, Беларуска качкан. 7-апрелдеги төңкөрүштө 90го жакын адамдын өмүрү кыйылган.
Кийин Курманбек Бакиев 30 жылга сыртынан соттолгон.
Жакында эле соцтармактарда «Кыргызстанга Максим Бакиев келди» деген сөздөр айтылганда, президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине курган маегинде Максим жана Жаныш Бакиевдер өлкөгө келсе, камала турганын билдирген. Ошондой эле Курманбек Бакиевди жана мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковду «камабасаңар, өткөрүп беребиз» деген сунуштар болуп жатканын айткан. Жапаров аталган сунуш боюнча ойлонуп жатышканын, бир чети Исаковдон Бишкек ЖЭБин, Тарых музейин оңдоодо ким, канча кымырганы тууралуу, Бакиевден банк уячаларынан канча акча уурдалганы жана башка маалыматтарды алууга болорун кеп кылган.
Буга чейин Садыр Жапаров Курманбек Бакиев 30 жылга соттолгонун, өлкөгө келсе, камаларын билдирген.
Жапаров: «Курманбек Бакиевди камабасаңар, өткөрүп берели» деп жатышат