Бакиевдер Кыргызстанга келсе, камакка алынат, — Жапаров

Бакиевдер Кыргызстанга келсе, камакка алынат, — Жапаров

Бийликтин Курманбек Бакиевди Кыргызстанга алып келели деген планы жок. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров “Кабар” маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.

Ага журналист “Бакиевдер Кыргызстанга келе турган болсо камакка алынабы?” деген суроо узаткан.

“Аскар Акаевден айырмаланып, Курманбек Бакиевге каршы козголгон кылмыш иши бар. Соттун чечими бар. 30 жылга соттолгон. Ал чечим бүгүн да күчүндө турат. Келсе, албетте, камакка алынат. Биз, баарыбыз мыйзамдарга баш ийип жашаганды үйрөнүшүбүз керек. Соттун чечимдерин жокко чыгарууга менин да акым жок. Мен болгону, эгер Курманбек Бакиев ырайым сурап кайрылса, ырайым бергенге, же баш тартканга укугум бар. Беремби же бербейминби, аны да 2010-жылы жабыркаган элдин пикирин эске алып туруп, чечим кабыл алышым керек”, — деп жооп берген Жапаров.

Ошондой эле, президент Курманбек Бакиев, Жаныш, Акмат, Максим, улуу баласы Марат Бакиевдерге иш козголгонун жана алар издөөдө жүрүшкөнүн белгилеп, келсе алар камалышарын айткан.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>