Орус-Кыргыз өнүктүрүү фонду ишкерлерге 9% чен менен лизингге техникаларды алууну сунуштайт

Орус-Кыргыз өнүктүрүү фонду ишкерлерге 9% чен менен лизингге техникаларды алууну сунуштайт

Орус-Кыргыз өнүктүрүү фонду ишкерлерге жылына 9% чен менен лизингге техникаларды алуу сунушун берет. Бул тууралуу фонддон маалымдашты.

Ишкерлер насыяны банк-өнөктөштөр аркылуу жаңы техникаларды 10% алдын ала төлөп, жети жылга чейин 9% чен менен улуттук валютада ала алат. Ал эми доллар менен жылына 5% ченде берилет.

Жаңыланган лизинг программасы айыл чарба техникаларын гана алууга эмес, кайра иштетүүчү, өнөр жай жана тамак-аш, медициналык жабдыктарды алууга болот.

Кошумчалай кетсек, өлкөдөгү капиталдык салымдардын ичинен лизингдин үлүшү 3.5% тузөт. Дүйнөлүк практикада бул көрсөткүч 30-35% түзөт.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>