Бул жылы Орус-Кыргыз өнүктүрүү фонду долбоорлорду ишке ашырууга 95 млн доллар бөлөт

Бул жылы Орус-Кыргыз өнүктүрүү фонду долбоорлорду ишке ашырууга 95 млн доллар бөлөт

Орус-Кыргыз өнүктүрүү фонду быйылкы жылдагы алты долбоорго 95 млн доллар каражат бөлөт. Бул тууралуу аталган фонддун маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2025-жылга жалпы Фонд тарабынан Кыргызстандын экономикасын каржылоого 150 миллион доллар каражат бөлүү каралган.

«Фонддун Кеңешинин отурумунда жалпы баасы 95 миллион доллардан ашкан 6 долбоор жактырылды. Алардын ичинде “Кыргыз темир жолу” ишканасы үчүн өндүрүш кооперациясын жана өндүрүш платформаларын түзүү, Кыргызстандын кант тармагын колдоо, ошондой эле Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы соода жүгүртүүнү чыңдоого багытталган долбоорлор бар», — деген фонддун башкармалыгынын төрагасы Артем Новиков.

Кыргызстандын экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Фонд менен кызматташтык стратегиялык мүнөзгө ээ экенин билдирген.

«Өткөн жылдан тартып өлкө жетекчилигинин демилгеси менен өнөр жай объектилерин түзүү жана ишке киргизүү аракеттери жүрүп жатат. 2024-жылы 102 өнөр жай ишканасы ачылды, быйыл дагы 128 ишкананы ишке киргизүү пландалууда. Бул багытта Орус-Кыргыз өнүктүрүү фонду биздин негизги өнөктөш бойдон калууда», — деп белгилеген ал.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>