Орусия Кыргызстанды ветеринардык вакциналар менен камсыздоого даяр
Орусиянын Федералдык ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматын жетектеген Сергей Данкверт кыргыз тарапка керектүү ветеринардык препараттарды жеткирүүгө жана аларды туура колдонууга колдоо көрсөтүүгө даяр экенин тастыктады. Бул тууралуу ал Москва шаарында Кыргызстандын Суу ресурстары министрлигине караштуу Ветеринария кызматынын директору Адилет Сотовалдиев менен болгон жолугушууда билдирди.
Тараптар ветеринария тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү жана айыл чарба продукцияларынын өз ара соодасын кеңейтүү тууралуу сүйлөшүштү.
Адилет Сотовалдиев Россельхознадзор адистеринин жогорку кесипкөйлүгүн жана шарп илдетине каршы натыйжалуу вакцина иштеп чыккан «ВНИИЗЖ» институтунун ишин жогору баалады.
Кыргызстан аталган вакцинаны сатып алууга кызыкдар экенин билдирди. Данкверт Орусия препараттарды экспорттоого гана эмес, аларды колдонуу процессин да коштоп жүрүүгө, анын ичинде консультация жана мониторинг жүргүзүүгө даяр экенин баса белгиледи.
Тараптар ошондой эле кыргыз айыл чарба продукциясын Орусия базарына жеткирүүнү кеңейтүү маселесин талкуулашты. Россельхознадзордун жетекчиси ЕАЭБ талаптарына жооп берген товарлардын импортун көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууга даяр экенин айтты.
Жолугушууда мал чарбачылыгы продукциясын, анын ичинде балык продукциясын жеткирүүнү жөнгө салууну өркүндөтүү маселелери да көтөрүлдү. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар ветеринария тармагындагы кызматташтыкты бекемдөөгө жана өз ара сооданы өнүктүрүүгө, өзгөчө сүт жана балык продукциясына басым жасоого умтуларын тастыкташты.