Орусия Кыргызстандын түштүгүнө азык-түлүк жардамын берди

27.10.2025 | 15:46

Орусия Кыргызстандын түштүгүнө 121,44 тонна көлөмдөгү күн карама майын азык-түлүк жардамы катары берди. Бул тууралуу Орусиянын Оштогу Башкы консулдугу билдирди.

Азык-түлүк жардамын тапшыруу аземине аталган консулдуктун жетекчисинин милдетин аткаруучу В.А. Катункин жана консулдуктун катчысы А.И. Егерева, ошондой эле БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын өкүлдөрү катышты.

Азык-түлүктөр БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын өкүлдөрү жана жергиликтүү бийлик органдары аркылуу муктаж үй-бүлөлөргө таратылат.

“Орусия Кыргызстандагы БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын эң ири донору болуп саналат. Акыркы 15 жылдын ичинде орус өкмөтү жана Дүйнөлүк азык-түлүк программасы биргелешип Кыргызстандын жарандарына өзгөчө кырдаалдык жардамдан тартып калыбына келтирүүгө жана өнүктүрүүгө чейин ар түрдүү багытта жардам көрсөтүп келишет”,- деп айтылат маалыматта.

Scroll to Top