Орусия Кыргызстанга гуманитардык жардам катары 202 тонна ун берди 

08.01.2024 | 18:55

Бүгүн, 8-январда Ош шаарына Орусиядан азык-түлүк жардамынын кезектеги партиясы – 202,5 ​​тонна байытылган ун жеткирилди. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жардам БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын алкагында көрсөтүлдү. Ун Кыргызстандын түштүк аймактарынын тургундарына берилет.

“Азык-түлүк түштүк аймактардагы 4600гө жакын аялуу үй-бүлөлөргө коомдук инфраструктураны калыбына келтирүүгө, кырсыктын кесепеттерин жоюуга көмөктөшүүчү долбоорлорго катышкандыгы үчүн сыйлык катары азык-түлүк коопсуздугун жакшыртуу максатында таратылат”, – деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, Орусия БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын алкагында Кыргызстанга эң ири донор болуп саналат.

Акыркы 10 жылдын ичинде Орусия Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы аркылуу Кыргызстандын жарандарына өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюудан жана калыбына келтирүүдөн баштап өнүгүүгө жана социалдык коргоого чейин ар кандай деңгээлде колдоо көрсөттү.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар
Scroll to Top