Олимпиадага карай жол. Акматалиев менен Осмонов өлкө чемпиону болууга ат салышат

Олимпиадага карай жол. Акматалиев менен Осмонов өлкө чемпиону болууга ат салышат

Бишкекте өтүп жаткан Кыргызстандын күрөш боюнча чемпионатынын биринчи күнүнүн финалга чыккан балбандары белгилүү болду.

Өлкө чемпионаты бүгүн, 8-январда башталып, алгачкы күнү таймаштар эркин күрөш боюнча балбандар арасында өттү.

Спортчулар 57, 65, 74, 86 жана 97 кг салмакта күч сынашты. Бул салмактын баары олимпиадалык салмак чени болуп саналат.

Бүйүр кызыткан беттештер 65 кг салмактагылар арасында болору күтүлгөн. Себеби анда Тайырбек Жумашбек уулу, Улукбек Жолдошбеков, Алибек Осмонов жана Эрназар Акматалиев сыяктуу эл аралык мелдештерде жеңүүчү болгон, байге алып жүргөн балбандар катышты.

Күтүлгөндөй эле аталган 4 балбан жарым финалга чейин жетти. Жарым финалда Тайырбек Жумашбек уулу Алибек Осмонов, ал эми Эрназар Акматалиев Улукбек Жолдошбеков менен күч сынашты. Натыйжада Осмонов Тайырбек Жумашбек уулуну 2:1, Акматалиев Жолдошбековду 10:0 эсебинде жеңип алды. Эми аталган балбандар финалда кездешет.

Белгилүү болгондой, быйыл Парижде Олимпиада оюндары өтөт. Азырынча эркин күрөштөн бир да балбан Парижге жолдомо ала элек. Алдыда Олимпиадага жолдомо берген континенталдык жана дүйнөлүк лицензиялык мелдешдер өтөт. Өлкө чемпиону болгон балбандар аталган лицензиялык турнирлерге катышып, Олимпада жолдомо алууга мүмкүндүк алат.

Финалга чыккан балбандар:

57 кг

Бекзат Алмаз уулу — Алмаз Сманбеков

65 кг

Алибек Осмонов — Эрназар Акматалиев

74 кг

Орозобек Токтомамбетов — Исламбек Орозбеков

86 кг

Нуртилек Карыпбаев — Атай Изабеков

97 кг

Каныбек Абдулхаиров — Андрей Аронов

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>