Орусия Таалатбек Масадыковдун БА жана Ооганстандагы коопсуздук көйгөйлөрүн чечүүдөгү эксперттик билимине ишеним артат

03.02.2026 | 17:50

Москвада РФтин тышкы иштер министри Сергей Лавровдун ЖККУнун жаңы Башкы катчысы Таалатбек Масадыков менен сүйлөшүүлөрү өттү. Жолугушуу катышуучу өлкөлөрдүн аракеттерин бириктирүүгө жана үстүбүздөгү жылдын 1-январында башталган уюмдагы Орусиянын төрагалыгынын артыкчылыктарын ишке ашыруу маселелерин талкуулоого арналды.

Маектешүүнүн жүрүшүндө Сергей Лавров Таалатбек Масадыковдун квалификациясынын жогорку деңгээлин белгилеп, анын Борбор Азия чөлкөмүндөгү иш тажрыйбасы жана ооган маселесин терең түшүнүүсү жамааттык коопсуздукту чыңдоодо чечүүчү фактор болорун баса айтты.

Тараптар Чоң Евразиядагы учурдагы кырдаалды талдап, жаңы чакырыктар алдында союздаштык аракеттердин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча кадамдарды талкуулашты.

ЖККУга төрагалык кылуу 2026-жылдын башында Кыргызстандан Орусияга өттү. Ушул эле мезгилде мурда Башкы катчынын орун басары жана тынчтык орнотуу боюнча атайын өкүл кызматын ээлеген Таалатбек Масадыков уюмду расмий түрдө жетектеп баштады. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптардын ЖККУ Катчылыгын реформалоо жана аймактык туруктуулуктун ачык-айкын архитектурасын куруу алкагында тыгыз өз ара аракеттенүүгө даярдыгы тастыкталды. Уюмдун жоопкерчилик зонасындагы кризистик кырдаалдарга чара көрүү механизмдерин модернизациялоо зарылдыгына өзгөчө басым жасалды.

Scroll to Top