Садыр Жапаров Тергөө комитетин түзүүнү жарыялап, УКМКга экономикага кийлигишүүгө тыюу салдыШвейцария Кыргызстандагы баштапкы медициналык-санитардык жардам реформаларын колдоону улантатАйыл чарбасына жасалма интеллектти киргизүү ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн алдыга озуп чыгуусун камсыздайт21-февраль: Көпчүлүк аймактарга жаан, кар жаайтАбдупата Маткаликов Эрнисбек Ормоковдун ордуна Манас шаарынын жаңы мэри болуп дайындалдыДастан Бекешев «TikTok» соцтармагын бөгөттөн чыгарууну суранып, УКМКга кайрылды
Орусия тоок жумурткасын экспорттоого тыюу салган жок
12.12.2023 | 09:52
Быйыл октябрь айында Орусия тооктун жумурткасын экспорттоого убактылуу тыюу салуу долбоорун демилгелеген, бирок бүгүнкү күндө ал чара кабыл алына элек. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Кыргызстанга ЕАЭБ өлкөлөрүнөн, анын ичинде Орусия менен Казакстандан тооктун жумурткалары үзгүлтүксүз келип жатат.
“Жаңы жылдык майрамдарда нан азыктарын жана тортторду өндүрүү үчүн азык-түлүк жумурткалары даярдалып, ошондуктан муктаждык көбөйүүдө. Бүгүнкү күндө жумуртка тартыштыгы жок, экспорт жана импортту эсепке алганда жеткирүү 78,7%ды түзөт. Ошол эле учурда 62,5%ы өзүбүздүн өндүрүш менен камсыздалат”, – дейт Айыл чарба министрлиги.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика