Эмне үчүн альпинист Наговицынанын сөөгү дагы деле Жеңиш чокусунда — ӨКМдин жообуКОСУнун студенттери Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштурууга катышатКыргызстанда «Мал аман» мамлекеттик ишканасы түзүлүп, жеке ветеринарлар ишке алынатМанас шаарында жаңы автобекет ишке кирдиБишкекте көчөдөгү жаңжалдын катышуучулары майда бейбаштык үчүн жоопко тартылдыЖапон окумуштуулары Ак-Бешим шаар чалдыбарында археологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүшөт
Курултайга ардактуу коноктор чакырылбайт, атайын тизме түзүлбөйт
12.12.2023 | 09:45
Быйыл Элдик курултайга ардактуу коноктор чакырылбайт. Бул тууралуу мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов билдирди.
Анын айтымында, иш чара маселелерди реалдуу чечкен, жумуш алып барган аянтча болот.
Курултайга быйыл шайланган делегаттар гана катыша алат, алардын саны – 700 адамдан турат. Анын ичинен республиканын бардык аймактарынан – 640, этностук өкүлчүлүктөрдөн – 30 жана чет өлкөдөгү эмгек мигранттарынан – 30 делегат.
Ага Жогорку Кеңештин депутаттары, Министрлер кабинетинин мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү катышат.
Элдик Курултай 2023-жылдын 15-16-декабрда өтөт.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом