Кыргызстан менен Тажикстан чек араны тактоону 2024-жылдын жазында аяктайт (видео)

Кыргызстан менен Тажикстан чек араны тактоону 2024-жылдын жазында аяктайт (видео)

Кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо иштери 2024-жылдын жазында аяктайт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Баткен районунун Капчыгай айылында болгон жолугушууда билдирди.

Анын айтымында, Тажикстан менен чек арага жаңы жылга чейин чекит коюу пландалган.

«Чек араны чечип жатабыз, сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Аяктап калдык, жаңы жылга чейин бүтөлү дедик эле, кичине созулуп жатат. Эми жазында бүтөт окшойт», — деди Садыр Жапаров.

Эки өлкө чек араны тактоо иштерин 2023-жылдын жазында кайра жандантты. Июнь айында Эмомали Рахмондун маалымат кызматы, чек аранын 102 чакырымы макулдашылганын билдирген.

Ал эми күзүндө жолугушуулар бир айда 3 жолу өтүп, Улуттук коопсуздук кызматтарынын жетекчилери 2 жолугушуу өткөрдү.

Октябрь айында Министрлер кабинети Кыргызстан менен Тажикстан  57 чакырым, ноябрь айында 17,98 чакырым тилке боюнча тил табышканын кабарлаган.

Ага чейин эки өлкө 980 чакырымдын 664 чакырым тилкеси боюнча талаш жоктугун ырасташкан.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>