Кыргызстанда күйүүчү майдын жетишсиздиги көйгөйү жок экени айтылдыЖККУ кибермейкиндиктеги «Прокси» менен күрөшүүнү көздөйтКытайдын Синьцзян-Уйгур автономдук району ШКУ өлкөлөрү менен практикалык өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүнү көздөйтӨкмөт башчы Бишкек жана Чүйдөгү ооруканаларды текшерип, бир катар көйгөйлөрдү аныктадыОштогу Ак-Буура дарыясынын жээгине веложол, сейил бактар курулатБаткен жана Нарын облустарында айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жаңы сорттору сыноодон өтүүдө
Орусияда африка чочко тумоосу аныкталды
16.03.2021 | 10:03
Орусиянын Магадан облусунда африка чочко тумоосу (ASF) аныкталды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары кабарлашты.
Магадан облусунун губернатору Сергей Носовдун жарлыгына ылайык, шаардагы чарбалардын биринде оорунун очогу табылган. Чочколордо инфекция бар экендиги лабораториялык жол менен тастыкталган.
Ветеринарлар эпидемиянын очогунан он чакырым аралыкка чейин чектөөлөрдү орнотуп, ал жерге инфекция менен күрөшкөн персоналдар менен аймактын жашоочулары гана кире алышары айтылат.
Жапайы чочколордун жер которуусу Орусияга жаныбарлар үчүн кооптуу болгон африкалык чочко тумоосун алып келген. Приморский крайынын түндүгүнө инфекция дал ушундай жол менен келгени кабарланды.