Израилде терроризм үчүн өлүм жазасын киргизүү боюнча мыйзам кабыл алындыСөөктү дарыяга ыргытып жиберген: Нарында 12 жылдан кийин киши өлтүрүү кылмышынын бети ачылдыБивол Екатеринбургда Айфертке каршы титулдук беттеш өткөрөтБишкекте «Energy Expo Kyrgyzstan — ШКУ 2026» эл аралык көргөзмөсү өтөтШКУ эксперттери Бишкекте аскердик кызматташтыкты чыңдоо маселесин талкуулаштыМөңгүлөрдүн азайышы Борбордук Азия чөлкөмүн аялуу кылат – эксперттин пикири
Орусияда май куючу жайдагы жарылуудан 12 адам жаракат алды – видео
10.08.2020 | 17:54
Орусиянын Волгоград облусунда май куючу жайда жарылуу болуп, 12 адам жаракат алды. Бул тууралуу РИА басылмасы жазды.
Маалыматка ылайык, жарылуу Москва убактысы менен саат 11:40тар чамасында орун алган. Аталган май куючу жайда газ сакталган цистерна жарылып кеткен.
Анын кесепетинен 12 адам жаракат алып, алардын ону ооруканага жаткырылган.
Учурда өрт өчүрүлүп, жарылууга байланыштуу кылмыш иши козголгон.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар