Сооронбай Жээнбеков Александр Лукашенкону куттуктады

Сооронбай Жээнбеков Александр Лукашенкону куттуктады

Президент Сооронбай Жээнбеков Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенкону өлкө президенти кызматына кайрадан шайланганы менен куттуктады. Бул тууралуу ммлекет абшчынын басма сөз кызматынан кабарлашты. 

«Сиздин бай тажрыйбаңыз жана кесипкөйлүгүңүз элдин бакубатчылыгын жогорулатууга мындан ары да өбөлгө болуп, өлкөнүн саясий жана экономикалык өнүгүүсүнүн жогорку деңгээлин камсыз кыларына ишенем.

Эзелки достук салттарга, өз ара сый-урматка жана кызматташтыкка негизделген кыргыз-беларусь мамилелери мындан ары да биздин мамлекеттердин элдеринин бакубаттыгы үчүн өнүгүп, бекемделе берерине тилектешмин», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Сооронбай Жээнбеков Александр Лукашенкого бекем ден соолук жана бакубатчылык, ал эми Беларусь Республикасынын достук мамиледеги элине — тынчтык жана өсүп-өнүгүүнү каалады.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>