Аскердик прокуратура ӨКМдин мурдагы башчысы Урматбек Шамыркановго карата кылмыш ишин козгодуМуфтият: Орозо айт 20-мартта белгиленетАк-Бата конушунда 650 орундуу жаңы мектептин курулушу башталдыКыргызстан ITB Berlin 2026 көргөзмөсүндө туристтерди тартууга аракет кылуудаЖогорку сот журналист Махабат Тажибек кызынын өкүмүн жокко чыгарып, ишти кайра кароого жөнөттүӨкмөт унаалар үчүн Кыргызстандагы тоннелдерден өтүү акысын бекитти
Орусияда уранды алдынан үч кыргызстандыктын сөөгү табылды
04.05.2025 | 17:32
Орусиянын Геленджик шаарында курулуш иштери жүрүп жаткан аянттардын биринде уранды алдында калган 3 кыргызстандык жаран каза болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Алардын сөөгү 4-майда чыгарылып, шаардык өлүкканага жеткирилген. Кыргызстандын дагы бир жараны денесинен жаракат алып ооруканага түшкөн.
Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги каза болгон жарандардын жакындарына консулдук жана юридикалык жардам көрсөтүүдө. Сөөктөрдү мекенине жөнөтүүгө байланыштуу бардык процедураларды координациялоо үчүн Геленджик шаарына элчиликтин кызматкери жөнөтүлгөн.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар