«Газпром Кыргызстан» 30-сентябрда карызы бар абоненттердин газын өчүрөтНЭСК Борбор Азиянын энергосистемасындагы технологиялык мүчүлүштүк тууралуу билдирдиБишкектин 12-кичи районунда тез татым жайларынан өрт чыктыӨмүрбек Суваналиев президенттик шайлоого талапкерлигин коёрун билдирдиЖапаров Токаевге аскер кызматкерлеринин каза болгондугуна байланыштуу көңүл айттыAsman Airlines кытайлык COMAC C909 жана C919 үлгүсүндөгү самолетторду сатып алууну караштырууда
Орусияда уранды алдынан үч кыргызстандыктын сөөгү табылды
04.05.2025 | 17:32
Орусиянын Геленджик шаарында курулуш иштери жүрүп жаткан аянттардын биринде уранды алдында калган 3 кыргызстандык жаран каза болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Алардын сөөгү 4-майда чыгарылып, шаардык өлүкканага жеткирилген. Кыргызстандын дагы бир жараны денесинен жаракат алып ооруканага түшкөн.
Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги каза болгон жарандардын жакындарына консулдук жана юридикалык жардам көрсөтүүдө. Сөөктөрдү мекенине жөнөтүүгө байланыштуу бардык процедураларды координациялоо үчүн Геленджик шаарына элчиликтин кызматкери жөнөтүлгөн.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар