Орусияда жол кырсыгынан эки кыргызстандык каза тапты

22.05.2025 | 11:06

Орусиянын Забайкал крайындагы Карымское кыштагында болгон жол кырсыгынан 22 жаштагы П.Б. жана 20 жаштагы П.М. аттуу Кыргызстандын жарандары каза болду. Бул тууралуу ТИМ кабарлады.

Окуя 20-майда болгон. Алдын ала маалыматтар боюнча, Чернышевск – Чита багыты боюнча бара жаткан жеңил унаа менен жүк ташуучу унаа менен кагылышкан.

Учурда Орусиянын компетенттүү органдары тарабынан бул окуя боюнча тергөө иштери жүргүзүлүүдө, соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

“Кыргызстандын элчилигинин Красноярск шаарындагы кеңсеси каза болгон жарандардын туугандары менен байланышта болуп, зарыл болгон консулдук-укуктук жардам көрсөтүүдө. Ошону менен бирге региондогу кыргыз диаспорасы менен биргеликте каза болгон жарандардын сөөктөрүн мекенине жеткирүү маселеси каралууда”,- деп билдирди ТИМ.

Scroll to Top