Орусиядан Кыргызстанга бир тоннадан ашык азык-түлүк жардамы келди

19.08.2025 | 17:22

Кыргызстанга Орусиядан 1 280 тонна азык-түлүктөн турган гуманитардык жардам келди. Бул тууралуу Эмгек министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык. азык-түлүктөр БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы (ДАП) алкагында акысыз берилди, ошондой эле ал өлкө боюнча аялуу үй-бүлөлөргө бөлүштүрүлөт.

“Буудай унун жана өсүмдүк майын болжол менен 5 миң 100 аз камсыз болгон үй-бүлө алат. Алар ДАП долбоорлорунун алкагында ирригациялык тармактарды жана суу менен камсыздоо системаларын калыбына келтирүүгө, дарак отургузууга, дарыя жээктерин бекемдөөгө катышып, заманбап айыл чарба ыкмалары жана өз алдынча иш менен камсыз болуу боюнча тренингдерден өтүшөт”,- деп айтылат маалыматта.

Министрлик бул долбоордун максаты – азык-түлүк жардамынан тышкары, коомдун климаттык тобокелчиликтерге туруктуулугун жогорулатуу жана жумуш менен камсыздоонун жаңы мүмкүнчүлүктөрүн түзүү экенин кошумчалады.

Scroll to Top