Россиядан мыйзамсыз ташылып келе жаткан балык артка кайтарылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирет.
Маалыматка караганда, «Ак-Тилек» чек ара ветеринардык көзөмөлдөө пунктунун инспекторлору тарабынан Россиядан Кыргызстанга 21 тонна тоңдурулган балык мыйзамсыз жол менен ташылып келе жаткандыгы аныкталган. Тактап айтканда, жүктө ЕАЭБдин ветеринардык-санитардык талаптары сакталган эмес.
Инспекторлор тарабынан тиешелүү артка кайтаруу актысы түзүлүп, жүк «Ак-Тилек» көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу Россияга артка кайтарылды.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз