Садыр Жапаров Маданият жана искусство университетинин жаңы корпусун ачтыКыз ак калпакты өрттөп, тойлордо белек берүү салтынан баш тартууга чакырдыБишкекте СТО жайгашкан имараттагы өрттөн бир адам каза болдуСом түштүк корея вонуна карата бекемделип, британ фунтуна карата алсырадыПРООН киберкылмыштуулук менен күрөшүүчү адистерди даярдоого жардам беретЖети-Өгүз районунда жетим балага үй куруу үчүн жер тилкеси берилди
Бишкекте BMW оодарылып кетип, ичиндеги кыз-жигит куткарылды
25.01.2024 | 20:21
Бишкектин Орто-Сай айылында BMW үлгүсүндөгү жеңил унаа жолдон чыгып, оодарылып кеткен. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы 25-январда билдирди.
Маалыматка караганда, кырсыктын кесепетинен 2001-жылы туулган М.А. аттуу кыз жана 2002-жылы туулган С. уулу М. аттуу жигит жабыркаган.
Чалуу түшкөн соң жерине ыкчам түрдө ӨКМдин Бишкек шаардык Куткаруу кызматынын 5 куткаруучусу тартылган.
Жеринде кырсыкка күбө болгон жүргүнчүлөр тарабынан унаадан чыгарылган жабырлануучуларга куткаруучулар кечиктирилгис биринчи жардамды көрсөтүү менен жолдо келе жаткан тез жардам кызматына унаа менен жеткирип, өткөрүп беришкен.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар