Ичүүчү суунун тарифтерин тейлөө чыгымдарына ылайык жөнгө салуу сунушталдыБазар-Коргон районунда баасы 850 млн сомдон ашкан эки каналдын курулушу башталдыМөөнөтү өтүп кеткен 10 тонна кондитердик азыктар аныкталып, өрттөлдү8-мартта тынчтык акциясын өткөрүүгө уруксат сурап, президентке кайрылуу жасалдыОш шаарында үч эм төрөлгөн үй-бүлөгө белек берилдиЖакында эле эркиндикке чыккан Даниэль Ажиев кайрадан кармалды
Орусиядан ташылып келген кымыз Кыргызстанга киргизилген жок
19.01.2026 | 14:02

Орусиядан ташылып келе жаткан 15 миң 600 литр кымыз Кыргызстанга киргизилген жок. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
«Ак-Тилек» чек ара пунктунда жүргүзүлгөн текшерүүдө продукциянын этикеткасында анын чыгарылган күнү көрсөтүлбөгөнү белгилүү болгон.
Бул Кыргызстандын ветеринардык жана санитардык талаптарына жооп бербегендиктен, тиешелүү актылар түзүлүп, кымыз кайра Орусияга жөнөтүлгөн.
Буга чейин Орусиядан келе жаткан 11,7 тонна колбаса азыктары кайра артка жөнөтүлгөнү айтылган. Жүктө ЕАЭБдин ветеринардык-санитардык талаптары сакталбагандыгы аныкталган.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика