Орусиялык UFC мушкери дагестандыктардын үйлөнүү тоюнда мушташа кетти — видео

Орусиялык UFC мушкери дагестандыктардын үйлөнүү тоюнда мушташа кетти — видео

Орусиялык UFC’нин оор салмактагы мушкери Гаджимурад Антигулов дагестандыктардын үйлөнүү тоюнда мушташа кетти. Бул тууралуу видео Арсен Версен аттуу жаран «Твитеттердеги» баракчасына жарыялаган.

Көзөмөлдөө камераларындагы видеотасма банкет залдарынын биринде кагылышуу болуп жаткан учурду чагылдырат. Болжолдуу түрдө айрымдар башка коноктордон спирт ичимдиктерин столдон алып салууну сураганда коноктор ортосунда жаңжал чыккан.

Алардын бири Антигулов болгон: Baza басылмасы мушкер көк свитер кийген адам деп жазат.

Жогорудагы видеодон бул адам алгач кантип дасторкондо отурганын, андан кийин дагы эки той коногунун сүйлөшүүсүнө кирип, бир аздан кийин мушташ чыгып, анын башталышында Гаджимурадды жыгып алганын көрүүгө болот.

https://www.youtube.com/watch?v=KTpZwl42E-g&feature=emb_logo

Антигулов UFC’де 2016-жылдан бери күрөшүп келет. Бул убакыт аралыгында ал дүйнөдөгү эң мыкты лигада 6 беттеш өткөрүп, анын 4үндө жеңилген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>